Черкашин Михаил Иванович
Черкашин Михаил Иванович 1958-жылы 31-январда Жалал-Абад шаарында туулган.
- 1965-жылы Жалал-Абад шаарындагы Ленин атындагы №4 мектепке барып, 5-классты аяктаганда, атасы 1970-жылы «Дружба» совхозуна аарычы болуп ишке орношконуна байланыштуу, Октябрь кыштагына көчүп келип,
- 1975-жылы Мичурин атындагы орто мектепти аяктаган.
- Эмгек жолун ДОСААФтан айдоочулук кесипке ээ болуп, «Дружба» совхозунда айдоочу болуп иштеп баштаган.
- 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
- Армиядан келгенден кийин «Дружба» совхозунда, механикалык цехте эмгектенип, цехтин комсоргу болуп шайланып, КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынган.
- 1981-жылы Маргалан Курулуш техникумунун, техник-куруучу адистигин аяктаган.
- 1995-жылы жаңы уюшулган «Октябрь» дыйкан чарбасында жумушчу болуп эмгектенип,
- 2000-жылы төрагасы болуп шайланып эмгектенип келет.
- Үй бүлөлүү.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3