Чечен сөздөр

Википедия дан

Чечен сөздөр — толугу менен фольклордун талабына жооп берүүчү кырдаалга ылайык айтылгандыгы, курчтугу, таамайлыгы, маанисинин тереңдиги менен айырмалануучу, чечен деп аталуучу атайын адамдар тарабынан оозеки айтылган сөздөр. Кыргыз элинде Көкөтай, Тилекмат, Акматалы сыяктуу чечендер белгилүү. Жейрен чечен сыяктуу адамдар уламышка айланып кеткен. Чечен сөздөр көбүнчө табышмак, суроо-жооп иретинде айтылат, бир чеченди экинчи чечен жеңүү максаты коюлат. Макалдатып, уйкаштырып, мисалдатып, жорго сөзгө салып сүйлөө чечендер искусствосунун негизги бөтөнчөлүгү. Мисалы, «Үч арсыз, беш кайып — булар эмнелер?» — деп бир чечен суроо таштаса, анда экинчи чечен минтип чечмелеп берген экен: «Үч арсыз: уйку — арсыз, күлкү — арсыз, тамак — арсыз; беш кайып: насип - кайып, нике — кайып, ажал— кайып, кырсык—кайып, дидар - кайып», Албетте, мында экинчи чечен жеңип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]