Чиангмай университети
Чиангмай университети (CMU) | |
Расмий аталышы |
тай. มหาวิทยาลัยเชียงใหม่ |
---|---|
Эл аралык аталышы |
англ. Chiang Mai University |
Урааны |
"Attānaṃ Damayanti Paṇḍitā" |
Негизделген жылы |
1964-жыл 18-июнь |
Түрү |
Коомдук, улуттук |
Президенти |
Понгрук Срибандитмонгкол |
Студенттери |
38 269 (2023) |
Специалитети |
10,080 (2022) |
Докторлору |
2 680 (2022) |
Профессорлору |
Чиангмай, Тайланд |
Юридикалык дареги |
Хуай-кэу к., 239, Муанг район, Чиангмай, 50200 (239, Huaikaew Road, Muang District, Chiang Mai, 50200, Thailand) |
Сайты |
Чиангмай университети (тай. มหาวิทยาลัยเชียงใหม่) — Чиангмай провинциясындагы мамлекеттик илимий-изилдөө университети. 1964-жылы негизделген бул университет Тайландтын аймактарындагы жана түндүгүндөгү биринчи университет болуп саналат[1].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чиангмай университети 1958-жылы кабыл алынган аймактардагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик пландын негизинде түзүлгөн. Дойсутхеп тоолорунда жайгашкан университеттин башкы кампусу 1964-жылы 18-июнда ачылып, алгач университеттин курамында 3 факультет болгон — табигый илимдер факультети (คณะวิทยาศาสตร์), гуманитардык факультет (คณะมนุษยศาสตร์) жана социалдык илимдер факультети (คณะสังคมศาสตร์)[2].
Азыр Чиангмай университетинин курамына 4,2 чарчы км аймакты ээлеп жайгашкан 4 кампустагы 21 факультет, 1 мектеп, 3 колледж жана 3 институт кирет.
2018-жылы университетте 35,000 ден ашуун студенттер билим алган (29 000 бакалавр, 5 000 магистрант, 250 ординатор жана 1 400 аспирант)[3]. Студенттер бардык кампустарда жайгашкан жатаканалар менен камсыздалат[4].
Факультеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Университетте 20дан ашык факультеттер бар[5]. Университеттин курамындагы факультеттер жана мектептер 4 топко бөлүнөт[5]:
Социалдык-гуманитардык топ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Педагогика факультети (тай. คณะศึกษาศาสตร์)
- Юридикалык факультет (тай. คณะนิติศาสตร์)
- Бизнести башкаруу факультети (тай. คณะบริหารธุรกิจ)
- Политология жана мамлекеттик башкаруу факультети (тай. คณะรัฐศาสตร์และรัฐประศาสนศาสตร์)
- Социология факультети (тай. คณะสังคมศาสตร์)
- Массалык коммуникациялар факультети (тай. คณะการสื่อสารมวลชน)
- Гуманитардык факультет (тай. คณะมนุษยศาสตร์)
- Көркөм-өнөр факультети (тай. คณะวิจิตรศิลป์)
- Экономика факультети (тай. คณะเศรษฐศาสตร์)
- Социологиялык изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยสังคม)
Табигый-технологиялык топ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Табигый илимдер факультети (тай. คณะวิทยาศาสตร์)
- Инженерия факультети (тай. คณะวิศวกรรมศาสตร์)
- Архитектура факультети (тай. คณะสถาปัตยกรรมศาสตร์)
- Айыл чарба факультети (тай. คณะเกษตรศาสตร์)
- Айыл чарба өнөр жайы факультети(тай. คณะอุตสาหกรรมเกษตร)
- Искусство, медиа жана технологиялар колледжи (тай. วิทยาลัยศิลปะ สื่อ และเทคโนโลยี)
- Деңиз илимдери жана деңиз менеджменти институту (тай. วิทยาลัยการศึกษาและการจัดการทางทะเล)
- Биомедициналык инженерия институту (тай. สถาบันวิศวกรรมชีวการแพทย์)
- Табигый-технологиялык илим-изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยวิทยาศาสตร์และเทคโนโลยี)
Саламаттыкты сактоо илимдер тобу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Медицина факультети (тай. คณะแพทยศาสตร์)
- Стоматология факультети (тай. คณะทันตแพทยศาสตร์)
- Фармацевтика факультети (тай. คณะเภสัชศาสตร์)
- Медайымдарга билим берүү факультети (тай. คณะพยาบาลศาสตร์)
- Медициналык технологиялар факультети (тай. คณะเทคนิคการแพทย์)
- Ветеринария факультети (тай. คณะสัตวแพทยศาสตร์)
- Коомдук саламаттык сактоо факультети (тай. คณะสาธารณสุขศาสตร์)
- Ден соолук илим-изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยวิทยาศาสตร์สุขภาพ)
Дисциплиналар аралык топ
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эл аралык санариптик инновациялар институту (тай. วิทยาลัยนานาชาตินวัตกรรมดิจิทัล)
- Магистранттар жана аспиранттар университеттин жогорку мектеби (тай. บัณฑิตวิทยาลัย)
- Чет тилдер институту (тай. สถาบันภาษา)
Эл аралык мамилелери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Университет тажрыйба алмашуу программаларына кызыккан бардык чет элдик студенттерге жана изилдөөчүлөргө стажировкадан өтүү үчүн бир семестрдик программаларды жана жылдык программаларды сунуштайт[6]. Таиландтык жана чет өлкөлүк абитуриенттерге ар кандай бакалавриат[7], магистратура жана аспирантура багытындагы окуу программалары боюнча тай жана англис тилдеринде билим берет[8].
Рейтинг
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Time Higher Education 2018-жылкы версиясына ылайык, Чиангмай университети Таиландтын ЖОЖдорунун арасында 5-орунда, Азия университеттеринин арасында 201-250-орунда жана дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 801-1000-орунда турат[9].
- QS Top Universities 2018-жылкы версиясына ылайык, Чиангмай университети Таиландтын ЖОЖдорунун арасында 4-орунда, Азия университеттеринин арасында 112-орунда жана дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 651-700-орунда турат[10].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ About CMU; Our Foundation
- ↑ About CMU — Our campus
- ↑ มหาวิทยาลัยเชียงใหม่ — การศึกษา
- ↑ Campus Life — Accommodation
- ↑ 5.0 5.1 CMU Faculties
- ↑ International Programs/International Undergraduate and Graduate Exchange Courses
- ↑ Admission for International Student
- ↑ Graduate School, Chiang Mai University
- ↑ Chiang Mai University World University Rankings | THE
- ↑ Chiang Mai University | Top Universities