Чий cогуу

Википедия дан

Чий согуучийден үй ичине керектелүүчү ар түрдүү буюмдарды жасоо ыкмасы. Кеч күздө чийдин сөңгөгү толук жетилген маалда дүңгөсүнөн ажыратылбай белге салынып бирдей тартылат да, сырткы кабыктарынан тазартылат. Бул акталган чий деп аталат. Чий согуу үчүн аралыгы 1,5 мдей жердин үстүнө эки мамыча орнотулат да, үстүнө бир нече жерден муунакталган туура жыгач бекитилет. Жоондугу 3–4 ммдей чыйратылып даярдалган жүн жиптин эки учуна эки сүйрү таш байланып (салмагы чыйратылган жипти үзүп кетпегендей болуш керек), туура жыгачтагы муунактардын үстүнө ортосунан арта салынып коюлат. Ар бир муунак бекитилген жиптин жылышып кетпесин камсыз кылат. Чырмалган чий кош жаак жиптин ортосуна коюлгандан кийин оң жагына таш байланган жиби солго, сол жагы оңго аркы-терки өткөрүлөт. Чий бир сыйра жип менен оролуп бүткөндөн кийин, анын катарына кийинки чийлер коюлуп жип менен бекитилет. Чийдин эки башына жип шыпырылып кетпес үчүн ийрек бастырылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.