Чиринди

Википедия дан
Чиринди.

Чиринди - топурактагы өсүмдүк, жаныбарлардын калдыктарынын биохим. процесстерден чирип, ажырашынан пайда болгон органикалык бирикмелердин жыйындысы; топурактын үстүнкү каралжын горизонту.

Курамына гумин кислотасы жана фульвокислота да кирет. Чириндиде өсүмдүктөр азыктануучу негизги элементтер болот. Чириндиге бай топурак күрдүү келет, мис., кара топуракта чириндинин өлчөмү 12%ке чейин жана андан да ашык болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2