Кара топурак

Википедия дан

Кара топурак – шалбаалуу жана токойлуу талаа зоналарында көп жылдык чөптүн чиришинен пайда болгон топурак түрү. органикалык заттарга бай, гумустуу катмарынын өлчөмү 4–6%тен 9– 10%ке чейин жетет. Кара топурактын курамында кальций туздары менен чополуу чөкмө породалар бар. Кара топурактын пайда болуу процессинде минералдар чопого айланып, анын үстүңкү катмарында биохимиялык кубулуштардын таасири менен кыртыштын курамында түрдүү заттар, гумин кислоталары жана башка азык заттар пайда болуп, кыртыштын күрдүүлүгү артат. Кара топурактуу жерлерге дан эгиндери, жүгөрү, көп жылдык чөп, мөмө-жемиш токою өстүрүлөт жана жайыт өсүмдүктөрү жакшы өсөт. Кара топурак гумустуу (чиринди) катмарынын калыңдыгына жараша өтө калың (150–180 см), калың (80–120 см), Орточо калың (40–80 см), жука (40 см) болуп бөлүнөт. Кара топурак Жер шарында үч суббореалдык облусука бөлүнөт: Евразия, Түндүк Америка жана Түштүк Америка. Кыргызстанда кара топурак Ысык Көл өрөөнүнүн чыгыш райондорунда, Чүй, Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Нарын Облусунун Нарын, Ат-Башы жана Тогуз-Торо райондорунда көбүрөөк кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]