Чмырь Петр Яковлевич

Википедия дан

Чмырь Петр Яковлевич (18.11.1925, Казакстан, Семей обл. - 17.09.1976, Чүй облусу, Сокулук району) - механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976).

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1960-ж. Фрунзе айыл чарбасы техникумун бүтүргөн. Эмгек жолун Сокулук районундагы Кант кызылчасы боюнча селекдия станциясында иштеп баштаган (1934-жылдан). 1945-50жылдары бригадирдин жардамчысы, 1953-жылдан бригаданын жетекчиси болгон. 1970-ж. ал жетектеген бригада кант кызылчасынын ар гектарынан 555 цден, жүгөрүдөн 470 цден түшүм жыйнаган. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4