Чойбалсан Хорлогийн

Википедия дан

Чойбалсан Хорлогийн ((моңголчо Хорлоогийн Чойбалсан) 8. 2.1895, Цин, Сэдэн-хан аймагы, Ачит-ван кошуну - 26. 1. 1952, Москва (сөөгү Улан-Батор шаарына коюлган)) - саясий жана коомдук ишмер; Моңгол Элдик революциялык партиясын уюштуруучулардын бири, МЭРдин Маршалы (1936), эки жолку баатыры (1941, 1945). Орус жана монгол тили боюнча мектептен (1912-14), Иркутскидеги мугалимдер институтунан (191417), Москвадагы аскер академиясынан (1923-24) билим алган.

7 жашынан тибет тилин үйрөнүп, 1910-ж. Ургага (азыркы Улан-Батор) келип, жумушчу болуп иштеген. Монгол Элдик революциясы жеңгенден (1921) кийин, Монгол Элдик революциячыл армиясынын башкы командачысы (1924-1929, 1937-1952), Монгол мамлекеттик кичи хуралынын президиумунун төрагасы (1929-1930), Тышкы иштер (1930), Мал-чарба жана жер иштетүү (1931-1935), Ички иштер (1936-1939) министри, өкмөт (Элдик Министрлер советинин жана Министрлер советинин төрагасы) башчысы (1939-1952) болуп иштеген. Кызыл Армия менен бирдикте Японияга каршы Халхин-Гол операциясына катышкан. 1956-ж. И. Сталиндин жеке керт башына сыйынуучулук сыяктуу саясий процесстерге байланыштуу катуу сынга кабылган. Советтик Союзунун 2 Ленин, 2 Кызыл Туу, Монголиянын 4 Сухэ-Батор, 5 Күжүрмөн Кызыл Туу ж. б. ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4