Мазмунга өтүү

Чойр

Шаар
Чойр
Өлкө Монголия
Аймак Говь-Сүмбэр
Сум Сүмбэ
Координаттар 46°21′33″ с. ш. 108°21′54″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 916 км²
Борборунун бийиктиги 1269 м
Убакыт аралыгы UTC+08:00
Калкы
Расмий тили моңгол тили
Калкы 7 998 адам (2006)
Жыштыгы 1 500 адам/км²
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 976 154

Чойр (монг. Чойр) — Моңголиядагы шаар.

Говь-Сүмбэр аймагынын жана Сүмбэ сумунун административдик борбору[1]. Моңголиядагы аймактардын борбору болгон шаарлардын арасынан калкы эң аз шаар[2].

Моңголиянын чыгыш бөлүгүндө, өлкөнүн борбору Улан-Баатырдын түштүк-чыгышында 212 чакырым аралыкта жайгашкан. Чойр түндүктөгү жарым чөл менен талаанын чектешкен жеринде, деңиз деңгээлинен 1269 метр бийиктиктеги тегиз аймактарда жайгашкан. Шаарды батышынан жана чыгышынан бийиктиги 1700 метрден ашпаган тоолор (Их-Сансар-Обо (1682м), Оцол-Ула (1695) жана Мунх (1229м)) курчап турат. Шаардын айланасында жана шаардын аймагынын чегинде саздуу, суу агып чыкпаган майда көлдөрдүн тобу бар.

1979-жылы Чойрдын калкынын саны 4 500 адам, 2000-жылы 8 983 адам болгон.

2006-жылга карата алынган маалыматтарга ылайык, шаардын калкынын саны 7 998 адамга жеткен[3].

1994-жылдан тартып Чойрда өнөр жай аймагы иштеп келет. Шаардын айланасында мунай, калай жана ар кандай минералдар казылып алынат.

Шаарда 3 орто мектеп жана 4 бала бакча жайгашкан.

Улан-Баторду Москва жана Пекин менен байланыштырган Трансмоңгол темир жолу шаар аркылуу өтөт. Шаардык темир жол бекетинде поезддер 15 мүнөткө токтойт[4].

Чойрды коңшу Дархан (87 чакырым түндүк-чыгышта), Ундэр-Шил (125 чакырым түштүк-батышта), Даланжаргалан (80 чакырым түштүк-чыгышта), Маньт (115 чакырым түндүк-батышта) жана башка айылдар менен байланыштырган автожолдор дагы бар.

Чойрдан 24 чакырым алыстыкта 1992-жылдан бери кароосуз калган, учуп-конуу тилкеси бүткүл өлкө боюнча эң узун деп эсептелген советтик «Чойр» аскер аэродрому жайгашкан.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]