Чокмор

Википедия дан

Чокмор – атчан, жөө салгылашууда колдонулчу жоокердик курал. Ал бир учуна муштумдай катуу жыгач же металл бекитилген кыска союл. Чокморду табылгы, ыргай, түз арча, жаңгак, четин, арча, өрүккө окшогон катуу жана бекем жыгачтардан жасашкан. Сап жагын бир тутамга ичкертип, бүлдүргө аркылуу ээрдин кашына илишкен. Мылтык, кылыч көбөйгөндөн кийин чокмор колдонуудан чыгып, жекече коргонууларга, кол салууларга пайдаланылып калган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.