Чокморов

Википедия дан

Чокморов, мурдагы Чоң Таш - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак.

Таш-Дөбө айыл аймагына караштуу. Байтик өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1118 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 34 км түштүк-батыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 19 км. Кыштак 1930-ж. орношкон.

Калкы 800 (2011); негизги чарба дыйканчылык. Мектеп, китепкана, ФАП бар. Кыштакта СССР эл артисти, сүрөтчү, киноактёр С. Чокморов (кыштак анын ысмынан аталган) жана мамлекеттик коомдук ишмер С. Бегалиев туулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4