Мазмунга өтүү

Чокубаев Ашыр

Википедия дан

Чокубаев Ашыр (4. 12. 1947-ж. т., Ош обл., Өзгөн ш.) – драма жана кино артисти, КРдин эл артисти (1994).

1966-69-ж. Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда (ВГИК, Б. А. Бабочкинден таалим алган), 1972-78-ж. Ташкенттеги көркөм-театр институтунда окуган. 1969-72-ж. «Кыргызтелефильм» киностудиясында иштеген, 1970-2002-ж. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрында актёр, ошол эле мезгилде театрдын алдындагы окуу жайында актёрдук чеберчилик жана фехтование боюнча окутуучу болуп эмгектенген. Театрда көп кырдуу образдарды жараткан; Парис (У. Шекспир, «Ромео жана Жульетта»), Агностос (Г. Фигерейдо, «Эзоп»), Анучкин, Ноздрёв (Н. Гоголь, «Үйлөнүү», «Өлүп тирилгендер»), Алексей (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Калыгул (Ж. Садыков, «Сейтек») ж. б. М. Байжиевдин «Он экинчи күн»; Б. Ибраев менен бирге «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», М. Рыскулов атындагы Нарын обл. музыкалык драма театрында Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей», «Сейтек» ж. б. спектаклдерди койгон. Кинодо аткарган көрүнүктүү ролдору: Топчубек («Токтогул», «Ленфильм», 1958), шляпачан киши («Парижге сапар», 1968), Кудре («Талаадагы куугун», 1979), Ашыр-подводник («Торпедочулар», «Мосфильм»), Асан («Алтын күз», 1980), Касен («Ак илбирстин тукуму», 1984), Келдибек («Махабат дастаны», 1985); Яцек-баатыр («Батыр-Баян», «Казакфильм», 1993), Бурят («Голгофагачыгуу», 2003), Султан-вали («Көчмөн», 2005), Сапарбек («Китеп», 2013), Эмир Музафар («Курманжан Датка», 2014) ж. б. Эл аралык кинофестивалдардын лауреаты. 100дөн ашык теле-радио спектаклдерде ойноп, котормолорду үн менен коштойт. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4