Чолок Капчыгай мөңгүсү

Википедия дан

Чолок Капчыгай мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу «балык жон» тибиндеги мөңгү.

Какшаал тоо тизмегинин түн. капталындагы Уз. 3,3 км, аянты 5,3 км2. Акшыйрактын оң куймалары Бикиртик ж-а Кайчы сууларынын аралыгындагы өзөндүн төрүнөн орун алган. Акшыйрактын алабындагы мындай типтеги мөңгүлөрдүн эң ириси. Түндүгүнөн ж-а түн.-батышынан тайпаң жондорду тилмелеген үч өрөөндүн төрлөрү жакын жатат. Алардын батыш тарабындагысы бир топ тереңирээк (200 мге чейин). Бул тилкеде мөңгүнүн жонунан 3940 мге чейин муз агымдары түшөт. Алар этек морена догосуна таканчыктап, сыртынан өрөөн мөңгүсүнүн этеги сымал көрүнөт. Этек морена догосунун сол жак четин бойлото маргиналдык каналды элестеткен жыраңдуу эки коо жатат. Мындай түзүлүштөр өрөөндүн чыгыш төрүндө да кездешет. Мөңгүдөн Чолоккапчыгай суусунун оң куймасы башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2