Чоломо тоосу

Википедия дан

Чоломо тоосуТескей Алатоонун түн. тармагы, Ысык-Көлдүн батышында, Тегерек тоосунун түндүгүндө кеңдик багытта созулуп жаткан жапыз тоо. Уз. 20 км, туурасы 4–5 км. Орт. бийикт.

1900–2000 м, эң бийик жери 2286 м. Тоонун батыш бөлүгү тайпак, чыгышы кырдуураак, капталдары Ысык-Көл ж-а Доңузкудук өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, гипс тектеринен турат. Жарым чөл ж-а кургак талаа (1800 м бийиктикке чейин), андан жогору карагандуу талаа ландшафттар мүнөздүү. Жайыт. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган жейрен мекендейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2