Тегерек тоосу

Википедия дан

Тегерек тоосуЫсык-Көл өрөөнүнүн түндүк-батышында. Доңузкудук-Жөкөтөй, Улакол-Семизбел жана Коңурөлөң–Алабаш өрөөндөрү менен курчалган. Тоң районунун аймагында. Кеңдик багытында 20 км узундукка созулат. Туурасы 5 км. Орточо бийикиги 2800 м, эң бийик жери 3000 м. Жону түзөң, чокулар жокко эсе. Капталдары кыска, өрөөндөргө жантайыңкы түшөт.

Өрөөндөрдүн таманынан салыштырмалуу 1000–1100 м бийиктикте. Тоонун бийик ортоңку жана батыш бөлүгү палеозойдун порфириттүү гранит, адамеллит, гранит-диорит жана башкалар, тоо этеги жана жапыз чыгыш бөлүгү неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель тектеринен турат.

Алар тектон жаракалар менен тилмеленген. Тоо этегине чөл жана жарым чөл, кургак талаа (2300 м бийиктикке чейин), капталдарына талаа жана бадал аралашкан шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]