Чолпонбаев Мукар Шалтакович

Википедия дан

Чолпонбаев Мукар Шалтакович (29-март 1950ж. т., Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Өрүктү айылы) - коомдук ишмер, КР Жогорку Кеңештин төрагасы (1995-96), юстициянын 3-класста мамлекеттик кеңешчиси, КРдин эмгеги сиңирген юристи.

1976-ж. КМУну бүтүргөн. Фрунзе шаарындагы 1-Май районунун прокуратурасында тергөөчү, Кыргыз транспорт прокуратурасында улук тергөөчү, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун алдында өзгөчө иштер боюнча тергөөчү (1976-84). Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы (1984-91), Чүй обл. юстиция башкармалыгынын начальниги, КР Президентинин аппаратында бөлүм башчы (1991-93), КРдин юстиция министри (1993-95), И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчысы. КР Жогорку Кеңештин депутаты (Кыргыз ССР Жогорку Советинин 12-чакырылышы жана КР Жогорку Кеңешинин 1-чакырылышы), «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын (2005) уюштуруучуларынын жана жетекчилеринин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4