Чолпонкулов, Орозбек

Википедия дан

Чолпонкулов Орозбек [1932-к. т., Балыкчы (азыркы Тоң) району, Оттук айылы] — режиссёр, жазуучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
1957-ж. Москвада Мамлекеттик театралдык искусство институтун бүтүргөн.
1950—52-ж. Балыкчы (Тоң) районунда мугалим, 1957—60-ж. Кыргыз улуттук драма театрынын радиотелекомитетинин режиссёру, 1983— 85-ж. башкы режиссёру, 1985—93-ж. улуттук мамлекеттик телерадиокомпанияда режиссёр, 1993-жылдан редактор.
Чолпонкулов профессионалдуу режиссёр катары көптөгөн радио, телепостановкалардын сценарийлерин, пьесаларды жазган жана койгон. «Чымчыктардын сагынычы» (1971), «Токойдо баары бар» (1975), «Атам менен тең терек» (1977), «Карынын кебин капка сал» (1980) аттуу китептердин автору.
1941—1945-жылдардагы Ата Мекендик согушта эмгектеги каармандыгы үчүн медаль жана башка медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.