Чолпон Баекова

Википедия дан

Баекова Чолпон Турсуновна (1947, Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы) - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы (1993-2007)[1], мамлекеттик ишмер.

Эмгек ишмердигинин негизги этаптары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

КМУнун юридика факультетин (1969), Москвадагы Коомдук илимдер академиясын (1990) бүтүргөн. 1969-77-жылдары Кыргыз ССРинин Прокуратурасынын жарандык иштерди сотто кароонун көзөмөл жүргүзүү бөлүмүндө прокурор, 1977-82-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун судьясы, 1982-85-жылы Ысык-Көл облусунун сотунун, 1985-88-жылдары профсоюздун Ысык-Көл облусунун кеңешинин төрайымы, 1988-90-жылы Кыргыз ССРинин Юстиция министринин биринчи орунбасары, 1990-92-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзам жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы, 1991-93-жылы КРнын Башкы прокурору болуп иштеген. 1993-2007 жылдары КРнын Конституциялык сотунун төрайымы. 2008-2010 жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 1-вице-спикери.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи (1994)

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган (1995)

III-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (1997)

II-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2009)

«Руханият» бирикмесинин Эл аралык «Курманжан Датка» сыйлыгынын лауреаты (1999-ж.)[2].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Абдышев К. Кылым инсандары. Бишкек 2003-ж.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1
  • Бектурганова К. А. Кыргызстандын асыл кыздары.. – Б., 2006. – 68-74 .ISBN 9967-14-040-2 //http://www.literatura.kg/articles/?aid=850

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конституциялык сот жөнүндө. Судьялар.КР ЖС Конституциялык палатсынын жана КР Конституциялык сотунун экс-судьялары

БАЕКОВА Чолпон Турсуновна

Мамлекеттик сыйлыктар.Жеке маалыматтар.Баекова Чолпон Турсуновна