Чолпон Жаманова

Википедия дан

Жаманова Чолпон (1927-ж., Жумгал району, Чаек айылы) — балерина, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1954).
1937-ж. Ленинград хореографиялык окуу жайында окуп, согуш мезгилинде окуусун Бишкекте уланткан жана 1947-ж. бүткөн.
1965-жылдан Бишкек хореографиялык окуу жайында окутуучу болуп иштеген. Жаманова И. Морозовдун "Доктор Айболитинде" Танянын, М. Раухвергердин "Чолпонунда" Чолпондун, "Бахчисарай фонтанында" Мариянын, "Ала-Тоо жазында" Салтанаттын, "Эсмеральдада" Цыганканын, "Салтанат" кинофильминде Шайырбүбүнун, "Чоң вальста" Генриэтанын жана башка ролдорун ойногон.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.