Чоробаев Жоомарт Абдыкалыкович

Википедия дан

(1945–1986)

Акын Жоомарт Чоробаев Ак-Талаа районунун Чоң-Арык айылында 1945-жылы 1-мартта туулган. 1963-жылы Нарын шаарында Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепти, 1968-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1968-жылы «Кыргызстан маданияты» гаезитинде кабарчы болуп иштөө менен баштаган. 1970-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Нарын облустук телеберүү жана радиоуктуруу комитетинде эмгектенген.
Чыгармаларын 1960-жылдан баштап жарыялай баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Тоодогу өмүрлөр» деген ат менен 1972-жылы басылып чыккан.
1982-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Тоодогу өмүрлөр: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1972. – 32 б.

Кайда көчөт булуттар: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1980. – 16 б.

Жашыл поезд: Ырлар жана поэма.– Ф.: Кыргызстан, 1983. – 72 б.

Жарадар жүрөк: Ырлар жана поэмалар.– Б., 2000. – 240 б.

Мончок: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1990.– 16 б.