Чортонбаева Күлүмкүл
Чортонбаева Күлүмкүл (1. 11. 1949-ж. туулган, Жайыл району, Суусамыр кыштагы) - партиялык жана чарба кызматкери. Жеке ишкер.
- Суусамыр орто мектебин алтын медаль менен аяктаган (1967).
- Фрунзе политехникалык институтунун механикалык факультетин бүтүргөн (1972).
- Эмгек жолун 1972-ж. Ош шаарындагы автомобилдерди оңдоочу заводдо мастер болуп баштаган.
- Суусамыр МЖСинде диспетчер, мастерскойдо калыпка салгыч жана механик (1974-81) болуп эмгектенет.
- «Суусамыр» совхозунун профсоюз уюмунун төрайымы (1981-83), «Кызыл-Ой» совхозунун партиялык уюмунун катчысы (1983-84), Жумгал райондук партия комитетинде жалпы бөлүмдүн башчысы (1984-90), «Суусамыр» совхозунун директорунун орун басары (1990-92), Суусамыр райондук депутаттар кеңешинин (1992-95) жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы (1995-97) болгон.
- Учурда ардактуу эс алууда болгонуна карабастан жеке ишкерлик менен алектенет.
- Суусамыр кыштагында соода түйүндөрдү ачкан.
- Баласы Нурлан менен чет мамлекеттерден машина алып келип соодалашат.
- Өрөөндүн коомдук иштерине да активдүү катышып келет.
- Жумгал райондук партия комитетине мүчө (1984-90), Суусамыр айылдык кеңешине 4 жолу (1976-84) жана Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешине депутат (1986-90) болуп шайланган.
- Бир нече Ардак грамоталарга татыктуу болгон.
- Шааболот уруусунан.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9