Чортонбаев Тыргоот Жумадиевич

Википедия дан

Чортонбаев Тыргоот Джумадиевич (1953) — зооинженер, селекционер, окумуштуу - педагог.  Айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий иштери боюнча проректору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чортонбаев Тыргоот Джумадиевич 1953-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак  айылында туулган. Улуту – кыргыз

  • 1970-жылы Тогуз-Булак  орто мектебин аяктаган.
  • 1970-1972жж. Тогуз-Булак  колхозунда колхозчу болуп эмгектенген.
  • 1972-1974 - жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1974-1975 - жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун даярдоо бөлүмүнүн угуучусу.
  • 1975-1980 – жж  К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетин  бүтүргөн.
  • 1980-1982 – жж К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда ага лабарант, кенже илимий кызматкер болуп иштеген.
  • 1982-1985 – жж. Днепропетровск айыл чарба институтунун аспиранты.
  • 1986-1992- жж.  К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун генетика жана мал өстүрүү кафедрасынын ассистенти, ага окутуучу, доцент болуп иштеген.
  • 1988-ж. айыл чарба илимдеринин кандидаты. Темасы: “Тяньшань жарым уяң жүндүү жана кыргыз уяң жүндүү койлор менен австралиялык корридель менен аргындашуудан алынган аргын койлордун кунардуулук  сапаты.
  • 1992-ж. доцент наамын алган.
  • 1993-1996 –жж. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетинин деканы.
  • 1996-2001-жж. Кыргыз агрардык академиясынын биология жана экология кафедрасынын доценти.
  • 2000-ж. айыл чарба илимдеринин доктору болгон. Темасы: Тяньшань тукумундагы койлордун селекциясынын генетикалык негиздери”
  • 2002-2005 – жж. К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз агрардык университетинин илимий иштер боюнча проректору.
  • 2007-ж. профессор наамын алган.
  • 2005-2009-жж. К.И.Скрябин атындагы  Кыргыз агрардык университетинин айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү технология  институтунун директору.
  • 2009- жылдан  бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин илимий иштери боюнча проректору.
  • 2012-жылдан бери докторлук (кандидат) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин төрагасы.

Үй-блөсү тууралуу маалмат.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, эки балалуу (бир уулу,бир кызы бар)

Жубайы Султаналиева Турсунбүбү- техника илимдеринин кандидаты, доцент.

Уулу – Чортонбаев Улан – экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Кызы Чортонбаева Асель- экономика илимдеринин кандидаты.

Өзү төрт бир тууган.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыл чарба малдарын өстүрүү,генетика жана селекциясы.

Негизги илимий – методикалык эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мал чарбачылыгынын негиздери: айыл чарба боюнча жогорку  окуу жайлары үчүн окуу китеби. –Б.:Кут Бер, 2012. – 248б.
  2. Животноводство и проблемы окружающей среды: Учебное пособие. Б.: 2012.-150с.
  3. Мал чарбасындагы айрым терминдер боюнча такталган орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү –Б.:2013.-31б.
  4. Экологический мониторинг горных пастбищ Восточного Прииссыкуля. Б.: “ Прима”. – 2014.-152с.
  5. “Иссык-Кульский внутрипородный зональный тип овец кыргызского горного мериноса”. Свидетельство  селекционного достижения. Патент №50.30 сентябрь 2015.
  6. “Таласский внутрипородный зональный тип овец кыргызского горного мериноса. Свидетельство селекционного достижения. Патент №50. 30 сентябрь 2015.

 Сыйлыктары.  Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1992-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин Ардак Грамотасы.
  • 2003-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы “Төш белгиси”.
  • 2009-ж. Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын мыктысы “Төш белгиси”.

Проф. Т.Д.Чортонбаевдин илимий жетекчилиги менен корголгон диссертациялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Деркенбаев Советбек Мусаевич, а.ч.и.д. «Селекционно-генетическая стратегия улучшения продуктивности крупного рогатого скота в Кыргызстане- 2007.
  2. Черткиев Шарапидин Черткиевич, а.ч.и.д., «Научные основы формирования мясной продуктивности яков в онтогенезе»-2007.
  3. Турдубаев Таалайбек Жээнбекович, а.ч.и.д.,  “Породные ресурсы овец Кыргызстана  и их рациональное  использование»,- 2012.
  4. Кадырова Чинара Тойчубековна, а.ч.и.к., «Генетические факторы, влияющие на биологические и хозяйственно -полезные признаки коз молочного направления  юга Кыргызстана» - 2013.
  5. Ибраимова Айнура Танкеевна, а.ч.и.к., «Биохимические и селекционно-генетические особенности гиссаро-кыргызских овец в условиях Чуйской долины»,-2014.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4