Чочко жаңгак

Википедия дан
Datura metel.

Чочко жаңгак (лат. Datura, L. 1753) – ит жүзүмдөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Көбүнчө чөп, кээде чала бадал. Жалбырагы чоң, жемиши – сыртынан тикенчелер менен капталган кутуча. Көбүнчө тропик жана субтропикте өсүүчү 10дон ашык түрү белгилүү. Кыргызстанда 4 түрү өсөт. Кадимки чочко жаңгак отоо чөп катары айдоо четинде, арык, өзөн бойлоп өсөт. Купамында гиосциамин, скополамин, атропин жана башка алколоиддер бар. Кургатылган жалбырагы дары-дармек катары колдонулат. Кээ бир жылдык түрү гүлзарларда өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]