Чоңдук

Википедия дан

Чоңдук - математиканын негизги түшүнүктөрүнүн бири; б. а. узундук, аянт, салмак, көлөм ж. б. түшүнүктөрдүн жалпыланышы.

Мындай түшүнүктөр Евклиддин «Негиздеринде » б. з. ч. 3-кылымда пайда болуп, кийин он скалярдык Чоңдуктар жана алардын касиеттери келип чыккан. Ар кандай бир тектүү а жана Ь скалярдык Чоңдуктардын арасында үч катыштын бирөө гана орун алат; же дал келет (а = Ь), же биринчиси экинчисинен кичине (а < 6), же экинчиси биринчисинен кичине (Ь < а). Эгер алардын үстүнөн кошуу операциясын киргизсек, анда ага салыштырмалуу тразитивдик амалдардын бир маанилүүлүгү, коммутативдүүлүгү, ассоциативдүүлүгү ж. б. касиеттери аткарылат. Эгерде ал касиеттерге Архимед аксиомасы менен чоңдуктун үзгүлтүксүздүк аксиомасын бириктирсек, анда Чоңдуктун теориясына ээ болобуз. Түз сызыктагы багытталган кесиндини, ылдамдыкты жана күчтөрдү карасак вектордук Чоңдукту алабыз. Чыныгы Чоңдуктардын системасында бир тектүү скалярдык Чоңдуктун бардык касиеттери орун алгандыктан чыныгы сандардын системасы дагы Чоңдуктар делет. Чыныгы сандардын көптүгүндө каралган өзгөрмө Чоңдуктар дагы чоңдуктардын бардык касиетине ээ. Ошондуктан бардык Чоңдуктар (скаляр, вектор, тензор ж. б.) туруктуу жана өзгөрмөлүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4