Чоң-Барбар

Википедия дан

Чоң-Барбар"Манас" эпосундагы топоним. Букардан Таласка алгач келген Семетей Көбөштөн атасы Манастан калган мүлктөрүн доолаганда, ал кара-өзгөйлүк кылып, "Чоң-Барбардын бетинде, Лоп дарыя четинде" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 282) Карачанын Сайкалын сайып, Тайбуурулду тартууга алганмын дейт. Географиялык реалия катары Ч.-Б. Синьцзяндагы Лобнор көлүнө жакын жер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4