Чоң-Туз үңкүрү

Википедия дан

Чоң-Туз үңкүрү - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында неогендин туздуу капталында пайда болгон карсттык үңкүр. Желди-Cуу суусунун сол өйүзүндө Кант районунун аймагында. Жалпы узундугу 400мдей. Улуу-Ата Мекендик согуш жылдарында туз казылып алынган. Келечекте Ооруларды дарылоочу үңкүр катары пайдаланууга болот. Кыргызстандагы ири үңкүрлөрдүн бири.