Чоң Ките

Википедия дан

Чоң Ките, Ките — "Манас" эпосунун каарманы. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Коңурбайдын небереси. Атасы Байконур өлгөндө кырк уруу кытайга кан болуп турган Ч. К. Сейтектин кабарын угуп, ага каршы Чоң Билгичти жүз балбан менен жортуулга жөнөтөт. Жаралуу болуп жалгыз өзү кутулуп келген Чоң Билгич Сейтекке алы жетпей турганын, Китенин Чыңтемир аттуу уулдуу болорун билдирип, Инди канынын кызын алууга кеңеш берет. Баласы он бирге келгенде Ч. К. кандыгын баласына берип, дүйнөдөн өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4