Чоң Кызыл-Суу минералдуу суусу

Википедия дан

Чоң Кызыл-Суу минералдуу суусу - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы жылуу суу булагы.

Кызыл-Суу кыштагынан 20 км түштүктө, Тескей Ала-Тоонун түндүк бетинде, Чоң Кызыл-Суу капчыгайында. Жергиликтүү элге эзелтен белгилүү. Алгачкы геологиялык маалымат 1909-ж. берилген. Жылуу суу түндүк-чыгышка карай созулуп, түндүк-батышка тик жантайган жаракалардан булак түрүндө үч жерден чыгат. Суунун температурасы 25°, 37°, 41°Сге чейин.

Өңү түссүз, тунук, даамсыз, аздан күкүрттүү суутек жыттанат. Хим. курамы боюнча сульфат-хлор-натрийлүү. Сууда азот 95%, кычкылтек 4,5%, көмүр к-тасы 0,2%. Жалпы чыгымы (дебити) 1,21 л/сек. Дарылык касиети боюнча Казакстандагы Каплан-Арасан, Грузиядагы Абастуман жылуу сууларына окшош. Жергиликтүү эл пайдаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4