Чубак ажы Жалилов

Википедия дан
Чубак Жалилов‎»‎ барагынан багытталды)
Чубак ажы Жалилов
Төрөлгөндөгү аты:

Жалилов Чубак Тажибайевич

Ишмердүүлүк тармагы:

Дин аалымы

Туулган датасы:

21 -январь 1975(1975-01-21)

Туулган жери:

Бай-Мундуз айылы, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу (Кыргызстан)

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Өлгөн датасы:

11 -июль 2020(2020-07-11) (45 жаш)

Атасы:

Тажибай Жалилов

Апасы:

Гулжамал Сакыева

Чубак ажы Жалилов —(21.01.1975 ~ 11.07.2020[1]) 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган. Атасы Жалилов Тажибай математика мугалими, апасы Сакыева Гулжамал англис тили боюнча мугалим болгон. Чубак ажы Жалилов үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси болгон. Чубак ажы Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясыдагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн. Эне тилинде жана орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Чубак ажы Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим болуу менен башталган. Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген. Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын Азирети муфтийи кызматын аркалаган. Муфтий болуп иштеп турган убагында коррупцияга каршы бир топ реформаларды жасаган. Андан сырткары диний билим берүү тармагын жана КМДБнын, Уламалар кеңешинин, Муфтийдин, казылардын, Баш имам хатибдердин билимдерин, милдеттерин, жоопкерчиликтерин шариатка жана мыйзамга туура келе тургандай кылып реформалоодо бир топ салым кошкон. Чубак ажы Жалилов фикх (шариат мыйзамдары, укук), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куран аяттарына түшүндүрмө берүү жана комментарийлөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча окутууга, чечим (фатва) чыгарууга уруксааты бар документтердин ээси. Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда 5 тоннадай китеби бар экендигин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Белгилүү дин аалымы Чубак ажы дүйнөдөн өттү. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2020.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]