Чукчалар

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Чукчалар (өздөрүн лыгъоравэтльат, луораветлат деп аташат) - РФтеги аз сандуу эл, Чукотка АОнун жергиликтүү калкы.

Ошондой эле Камчатка крайында (1 469),Саха Респ-нда (670), Магадан областында (285) да жашашат. Жалпы саны 15 908 киши, а. и. Чукотка АОдо 12 772 (2010). Чукча жана орус тилинде сүйлөшөт. Дини - православие жана шаманчылык. Ч-дын этностук негизин коряктар, керектер, алюторлуктар, ительмендер жана эскимостор түзөт. Ч. ж-де орус тарыхый маалыматтарында 17-кылымдын 40-жылдарында алгачкы жолу эскерилет. Алар тундралык (көчмөн бугучу) Чукчалар жана жээктик (деңиз аңчысы) Ч. болуп бөлүнүшөт. Чукчалардын салттуу анчылык куралы - гарпун, найза, кайыш тор, 19к-дын 2-жарымынан атма куралдар колдонулат. Азыркы мезгилде Чукчалардын негизги кесиби - бугу чарбачылык, жапайы айбандарды асырап өстүрүүчүлүк. Турак-жайы - морж жана бугу терисинен цилиндр үлгүсүндө жасалган, ажыратылма чатыр-яранга, алачык. Салттуу кийимдери негизинен нерпа жана бугу терисинен тигилет. Эркектери тизеге чейин тигилген, катталган узун көйнөк-кухлянка, тар ыштан, кыска мех бут кийим кийип, белине кур курчанат. Аялдары мех комбинезон (керкер), кышкысын катталган, жайкысын жалаңкат, мех бут кийим кийип, кооздуктарды тагынышат. Чукчалардын негизги тамак-ашы - эт (бугу, тюлень, кит), өсүмдүк тамыры жана жалбырактары, деңиз капустасы, ат кулак, моллюскалар жана жер-жемиштер. Тунгус жана юкагирлерден айырмаланып, Чукчалар балык жешпейт. Суусундук катары чай тибиндеги чөп кайнатмасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4