Чукча-камчатка тилдери

Википедия дан

Чукча-камчатка тилдери - Чукча менен Камчатканын жергиликтүү калкы сүйлөгөн тилдерди камтыган обочолонгон тил уясы.

Палеоазия тилдерине кирип, эки бутакка ажырайт: жакын тектеш чукча тили, коряк тили, алютор, керек тилдеринен турган чукча-коряк тилдери жана түндүк, түштүк, батыш деген тилдерден турган ительмен тили. Чукча-камчатка тилдеринин фонетикасына үндүүлөрдүн сингармонизми, үнсүздөрдүн ассимиляция, диссимиляциясы, грамматикасына префикс-суффикстүү агглютинациялама түзүлүш мүнөздүү. Лексикасында орус тилинен кирген сөздөр бар. Чукча жана коряк тилдеринин жазмасы 1931-жылдан латын, 1936-жылдан орус графикасынын негизинде.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4