Чулпан Наилевна Хаматова

Википедия дан

Хаматова Чулпан Наилевна (тат. Чулпан Наил кызы Хаматова, Çulpan Nail qızı Xamatova; туулган жылы жана жери 1975-жыл 1-октябрь, СССР, РСФСР, Татар АССРи, Казан) - орус кино жана театр актрисасы, Орусиянын эл артисти (2012), коомдук ишмер. Москва академиялык "Современник" театрынын алдыңкы актрисасы жана көркөм жетекчисинин орун басары. "Өмүр тартуула" (орус. "Подари жизнь") кайрымдуулук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Орусиянын эл артисти (2012). Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2004, 2014).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чулпан инженерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы - Наил Ахметович Хаматов, апасы - Марина Галимуллова Хаматова. Чулпан аты татар тилинде "таңкы жылдыз" дегенди билдирет. Улуту - татар, бирок татар тилин билбейт.

Коомдук ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чулпан Хаматова коомчулуктун көңүлүн онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын көйгөйлөрүнө бурууну көздөгөн коомдук ишмердүүлүгү менен белгилүү. 2005-жылы актриса Дина Корзун менен биргеликте "Современниктин" сахнасында гематологиялык оорудан жапа чеккен балдарга жардам үчүн "Мага жашоо белек кыл" (орус. "Подари мне жизнь") деген аталыштагы кайрымдуулук концертин уюштурган. 2006-жылы Чулпан жана Дина онкологиялык жана онкогематологиялык илдеттерге чалдыккан балдарга жардам берген "Жашоо белек кыл" кайрымдуулук фондун түптөшкөн. 2009-жылдын жай айларына дейре аталган фонд 500 миллиондон ашык рубль чогултуп, бул ооруларды дарылоого жумшаган.

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]