Чулумдар

Википедия дан

Чулумдар (чулум) - Обь дарыясына Чулым суусу куйган аймакта (Россия Федерациясы. Краснояр аймагы) жашаган түрк тилдүү этнографиялык топ.

Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө хакас тилдеринин тобунда сүйлөшөт. Кошуна жашаган кезик, кюэрик урууларынын тилдерине тектеш. Этнографиялык топтун кыргыздар менен этностук жалпылыгы байкалат. Кыргыз мамлекетинин (Энесай кыргыздары) түндүк аймактарынын курамына киришкен.

Чулумдар кыштымдар аттуу (көз каранды элдер, уруулар) көз каранды социалдык тобун түзүшкөн. Энесайлык Кыргыз мамлекетинин (16-18-кк.) Алтынзархы улусунун курамында болушкан. Кыргыздын дөөлөс уруусунун курамындагы чулум, мундуз уруусундагы зулум (чулум) уруулары менен байланышта кароого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.