Чулым-Түрк тили

Википедия дан

Чулым-Түрк тили - чулумдардын тили.

Түрк тилдерине кирет. Обь д-нын куймасы болгон Чулым суусунун жээгине, Новосибирск аймактарына тараган. Эки диалектиден турат: төмөнкү чулым жана орто чулым. Чулым-Түрк тилине бир муундуу жана эки муундуу сөздөрдө созулма үндүүлөрдүн болушу; чыгыш жөндөмөнүн -дын/тын; келер чактын -лык формалары; учур чактын бардык формалары үчүн атоочтук мүнөздөгү бирдиктүү тангыч форма; буйрук ыңгайды туюндуруучу байыркы -гыл аффикси мүнөздүү. Жазмасы жок, турмуш-тиричиликте гана колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4