Чыгыш Көгарт

Википедия дан
Чыгыш Көгарт

Чыгыш Көгарт, Көгарт сууcу. Көк-Ирим суусунун оң куймасы.

Тогуз-Торо аймагында Фергана тоо кыркаларынын түштүк-чыгыш капталынан башталат. Уз. 50 км. Ири куймалары: Саймалы-Таш, Макмал (он), Атай (сол) суулары. Ч. К. суусу жогорку агымында кууш капчыгайлар аркылуу түндүктү карай, андан Макмал менен кошулган жерден өрөөнү кеңейип, Көгарт ашуусуна баруучу кан жолду (Улуу Жибек Жолдун Тогуз-Торо аркылуу өткөн нугу) бойлой түндүк-чыгыш тарапка агат. Түндүк-Түштүк автожолу Казармандан Чыгыш Көгарт суу жээгин бойлой, Көгарт ашуусунун астындагы Көгарт туннели аркылуу Жалал-Абадга өтөт. Нарын дарыясына 3 км жетпей Көк-Иримге куят. Негизинен кар (25%), мөңгү (13%) жана жер астындагы булак (55%) сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 20,6 м/сек. Эң көп чыгымы июнда, азы февралда байкалат. Майдан кире баштап, сентябрда тартылат. Негизинен сугатка пайдаланылат. Боюнда Чет-Булак кыш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4