Чым

Википедия дан

Чымтопурактын өсүмдүк тамырларына жыш чырмалышкан, чириндиге бай жогорку катмары. Чабынды, жайыт, шалбаа, дың жерлерде болот. Өсүмдүк калдыктарынын чириндиси бул катмарды өсүмдүккө керектүү фосфор, калий өзгөчө азот жана башка азык заттары менен камсыз кылып турат. Ч. катмары органикалык заттарга бай, агрофизикалык касиети жакшы; анда сөөлжан жана башка майда жандыктар көп кездешет. Ч-дын калыңдыгы жана андагы өсүмдүк тамырларынын жыштыгы топурак жана өсүмдүк зонасына жараша болот.

Кара топуракта Ч. катмары калың, өсүмдүк тамырлары чырмалып өсөт. Саздак жерлерде өсүмдүктөрдүн кылымдар бою топтолгон калдыктары Ч. көңдү пайда кылат.

Топуракты эрозиядан сактоодо чымдын мааниси чоң болгондуктан аны сактоо зарыл. Дың жерди өздөштүргөндө Ч. катары бузулуп айдоо аянтка айланат. Дыңды бузгандын алгачкы жылдары, андагы орг. заттарга бай өсүмдүк калдыктарынын бат чириши байкалат, чириндинин таасиринен өстүрүлмө өсүмдүктөн мол түшүм алынат. Кийинки жылдары айдоо ургаалдуу пайдаланылып, жыл өткөн сайын айдоонун сапаты төмөндөйт.

Ошондуктан беде жана башка көп жылдык чөптөр менен туура которуштуруп айдоо, агрохименены жана жер кыртышын сактоочу агрономиялык ыкмаларды колдонуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]