Чынар

Википедия дан
Platanus occidentalis.

Чүнүк, чарын (Диван Лугат ат-Түрк) Чынар(перс. چنار - чинор) (лат. Platanus, L. 1753) — чынарлар тукумундагы өсүмдүк. Калың шактуу, бийик, жалбырак күбүмө дарак. Сөңгөгү чоң (бийиктиги 50 м, жоондугу 18 м). Манжадай айчыктуу, узун саптуу жалбырактары кезектешип жайгашкан. Гүлү майда, бир жыныстуу, гүл коргону 3—4 мүчөлүү, калың башча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү — жаңгакча. 10дой түрү Түштүк Америкада жана Жер Ортолук деңизден Инди-Кытайга чейин таралган. Чынар тез өсүп, 200 жылга чейин жашайт. Кыргызстанда 2 түрү жылуу райондордо кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]