Чыны

Википедия дан
Цин сулалеси убагындагы Кытай чынысы .
Жөнөкөй керамикадан жасалган чыны.

Чыны — жарым сфера түрүндөгү сабы жок идиш, көпчүлүк маданияттарда тамак ашты жасоодо же болбосо тамак аш ичүү, сактоодо колдонулуп келген. Биздин доорго чейинки 1-миң жылдын экинчи жарымынан баштап белгилүү. Биринчи чынылар чоподон жасалган. Заманбап чынылар атайын фабрикаларда атайын методика менен жасалат (фаянстан, фарфордон). Чынынын формасынын мындай болушу көчмөн элдердин жашоо өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу болгон. Жарым тегерек формадагы сабы жок чыныларды бирине бирин кийгизип, көчүүгө даярданышкан, бул ыкма көчмөндөрдүн шартына байланыштуу болчу. Кээ бир элдерде баалуу чыныларды (кытай фарфору) атайын жасалган кутучаларга салып жүрүшчү; Мындай капты «чыны-кап» деп аташчу. Бул идиш Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана ага туташ аймактарда кеңири колдонулчу.

"Чыны" термини фарсыча Чын (Чин), башкача айтканда, Кытай мамлекети жана арапча "ий" (-лык) уланды сөздөн турат, мааниси - Кытайдан ташылып келген товар (чинни).

Заманбап чынылар керамикадан, фарфордон, металлдардан, жыгачтан, пластиктен жана башка материалдардан жасалат. Учурда алардын формалары да ар түрдүү, кээсинде сүрөттөр болсо кээ бирлеринде жок болот.

Чыны (жапончо «тяван») Жапондо кеңири колдонулуп жүрөт, аны жапондор чай берүү маданиятында жана күрүч жээшкенде колдонушат.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]