Чыны кап
Көн — идиштердин бир түрү. Чеберлер муну — өтө кооз, ар кандай үлгүдө кармашат. Анын бири челек сымал узунураак келип, түбү менен оозу бирдей кеңдикте болуп, мунун тегерек капкагын кийгизип коюуга аябай шартташкан. Бул идишке «чийме сынпос» тегерете караганда көрүнгөндөй шайма-шай түшүрүлөт. Ага берилген көркөм оюм-чийимдин сыйдалуулугу менен салттуулугу анын кармоого атайын аттанып түшкөн чеберлердин жекече чыгармачылык кудуретине тыгыз байланышат. «Чийме сынпос» майда да, кезек да көрүнүшү мүмкүн. Ал эми идиштин капкагынын үстүнкү
бетине анын тегерек-четине түстүү металлдар чабылат. Муну шөкөттөөдө да илгери зергерлердин көп кырдуу, терең сырдуу чыгармачылыгы айгинеленген. Мында да чеберлерден «өнөр буйтап кете алган» эмес. Алар чеберчилик намыстарын бийик тутуп, буюм-кечелерди ала кол кармашкан. Ага зергерчиликте чөгөрүлгөн көркөм шөкөттөр жагдан бетиндеги чиймесынпосторго дал өзүндөй үндөшөт. Жыш көрүнбөй, чегелери майда, «чиймесынпос» менен өз ара айкалышуусу аркылуу «чыны кап» көзгө көрүнүктүү, көңүлгө толумдуу болот. Буюмдун капкагынын төбөсүнө тешик өткөрүлгөн кайыш тоголуу кулакчынга бошураак байланып, ал төбөсүнөн көтөрүп жүрүүгө эптелген.
Жарым айлана формасында бир эле териге үч-төрт чыны капты туташтыра жасаган чеберлер чыккан. Мында чыны каптын сыртына беркилердей «чиймесынпос» түшүрүү анча наркка жатпайт. Тим эле шөкөттөр чабылган түрлөрү музейлерде сакталууда. Ал күмүш топчулардын араларына тегерете күмүш «таруулатып», асыл таштар менен «тогуз төбөлөөнөт». Мындагы зер топчулар тердиктеги шөкөттөргө окшошот. Алар куйма калыптар аркылуу жүзөгө ашат.