Тогуз төбөлөө

Википедия дан

Асем буюмдарды жасоодогу элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Муну буюмдардын бардык бүтүндөй түрүнө колдонууга болот. Акакты, айнекти, зумурутты, инжини кадимкидей буюм бетине чөгөрүү үчүн мунун эки ыкмасы пайдаланылат.
Биринчиси: мисалы, билериктик күмүштүн үстүн оюп, кызыл жалын кылып эритип, айнекти ага куят. Аны зергерлер көп колдонууда. Күмүштөн ага «жатак» кылып алдырат да, күмүш менен данакерди аралаштырып, билерик үстүнө коет. Каухар, жакут, акак таштардан чөгөрүлгөн сөйкө, билерик, чач учтук, чолпу, күбөк, желбирөөч, шакектердин беттери жалатылып, өзүнчө асемдүү көрүнөт.

Асыл таштар менен «тогуз төбөлөө» ат жабдыктарына да мыкты көркөмдүк тартуулайт. Күмүшкө акак, айнек жана башка асыл таштар чөгөрүлгөн нускалар жаш өзгөчөлүгү боюнча келин-кыздарга жарашык берет.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)