Акак

Википедия дан

(Акак таш)
«Акак мончок тагынам, Койчу кулду не кылам, жылкычыны сагынам» (Эл ыры).

Бул — буюмдун жердиги. Элдик зергерчиликте буюм бетине чөгөрүү үчүн колдонулуучу ийне жалбырактуу жыгачтардын ташка айланып, ар кандай түстө кубулган (көбүнчө сары) чайыры. Бул баалуу зат шакек, желбирөөч, бой тумар, сөйкө, билерик, чолпу (чач учтук), топу өңдүү кыз-келиндердин зер буюм-тайымдарына, эр кемерине, ат жабдыктарынын бөлүктөрүнө «тогуз төбөлөп» («куткундап») кооздоодо колдонулат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)