Шакек

Википедия дан
Шакек.
Шакек.

Шакек — колдун манжаларына салынуучу зер буюму. Анын жердиги түстүү металлдардан, түрдүү заттардан болот. Алсак, «күмүш шакек», «алтын шакек», «сөөк шакек», «мүйүз шакек», «жез шакек», «коло шакек» деп айтылат. Жасалуу ыкмасы боюнча көздүү «асыл таш чөгөрүлгөн шакек», «тамандуу шакек», «мөөр шакек» оюм-чийим түшкөнүнө карата «кырдуу шакек», «жөнөкөй шакек» болот. Буга узанууда уюткан таза күмүштү алып, аны көрүк аркылуу эритет. Эми балка менен чоюп, жукартып иет, сомдойт да, муну шакек түспөлүнө келтирет. Эгер эки башын туюктагысы келсе, күмүш менен ширетет. Андан кийин зергер атайын чийим шибегеси аркылуу оюм келтирет. Буга кооздук берүүдө зергерчиликтин бардык ыкмаларын колдонсо болот.

Бул зер буюмунун таманын кооздоодо «айчык», «мүйүз», «кыял», «жарым кыял», «ит куйрук», «бармак боочу» өңдүү көркөм оюм менен көчөттөрдү түшүрөт. Ал эми ал «чапкылоо» ыкмасы аркылуу жасаса, көбүнчө «жылдызча», «кымкар» сыяктуу чапкы көчөттөрүн ромб, кайчылашкан «тоок көз» өңдөнтүп, оюм элементтерин таасын берүүгө мүнөздүү. «Из түшүрүлгөн» ал көчөттөр «сыя төгүүгө» өтө окшош келет.

Илгери ар түрдүү асыл таш, айнек, пластмасса, чайыр өңдүү чөгөрүлгөн шакектерди зергерлер көп кыла турган. Беш манжанын муунагы сайын күмүш шакектер жаркылдап, буюм зергерден-зергердин көз таразасынан өткөн.

Мында уютулган таза күмүштү алып, аны көрүгү менен аяр эритүү керек. Күмүштү күйгүзбөй, тапка этиет кармайт. Жашык күмүш балка менен оңой эле чабылат. Жукартып ийип, сомдоп шакек түспөлүнө келтирип, андан соң атайын чийим шибегеси менен оюм түшүрүлөт. Ага «сыялоо ыкмасын» берет. Айрым зергерлердин шакеги бир мм эки жаадан турат. Буга чыйратылган зымдан көркөмдүк түшүрүлөт да, анын ачык калган ортолору чыбырчыктата «сирке төгүлөт». Ал «сокмо шакек» деп аталат.

Ошентип, шакектер «чапкылоо», «сыя төгүү», «тартулатуу», «тогуз төбөлөө», «ийүү» ыкмалары аркылуу бүтөт. Кооз шакектин бири «жети сай» болот. Мурунку түшүнүктө күмүш шакектин бир түрү — кармоодо зергер өзүнчө темирден бир нече сайдан (сызыктан) турган форма (калып) жасап алат. Ал «беш сай» деп да айтылышы ыктымал. Демек, шакек болуучу күмүштү, жез (сары жез), (кызыл жез), коло, нейзильберь, мельхиор, дат чалбас жана башка ушул сыяктуу түстүү металлдарды ошого коюп, сомдоп-согуп алат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]