Чыныбаев Кудайберген

Википедия дан

Чыныбаев Кудайберген (1930-жылдары Токтогул району, Бел-Абад кыштагы.) - шахтёр, Социялистик Эмгектин Баатыры (1971), СССРдин ардактуу шахтёру (1965). 1955-жылдан КПСС мүчөсү. 1950-жылдан «Капитальный» шахтасында өткөөлчү, 1970-жылдан Таш-Көмүр шахта башкармасынын «Северный» шахтасында өткөөлчүлөрдөн бригадири болуп иштеген. Анын бригадасы 8-беш жылдык планды мөөнөтүнөн мурда ашыгы менен аткарган. 1967-84-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.