Чыныгы детектив

Википедия дан

"Чыныгы детектив" (англ. True Detective) - Ник Пиззолатто жараткан жана жазган криминалдык драмалардын антологиясынын телесериалы. Сериал Кошмо Штаттардын HBO премиумдук кабелдик тармагында көрсөтүлүп, премьерасы 2014-жылдын 12-январында өткөн. Ар бир сезондун сериясы өз алдынча бытыранды түзүлүп, жаңы тематика, жаңы актерлердун ансамблинен, ар кыл көптөгөн мүнөздөр менен сюжеттердин өнүгүшүнөн турат.

Биринчи сезондо Мэттү Макконахи, Вуди Харрельсон, Мишель Монаган, Майкл Поттс жана Тори Киттлс ойноп, окуя Луизианада өтөт жана Луизиана штатынын полициясынын эки детективи жана алардын 17 жыл бою сериялык киши өлтүргүчтү кубалап жүргөндөрү сүрөттөлөт. Экинчи сезондо Коллин Фаррел, Рэйчел Макадамс, Тейлор Китч, Келли Рейли жана Винс Вон ойношот. Окуя Калифорнияда болот, анда көңүл үч кызматташ полициялык департаменттердин үч детективине жана кылмышкер ишкерге бөлүнөт, анын кылмыштарынын сериясын иликтеп жүрүшүп, алар коррупционер саясатчынын өлтүрүлүлүшүнө байланышы бар деп шек санашат.

2016-жылдын июлунда HBO программаларынын жетекчиси Кейси Блойс үчүнчү сезон жөнүндө пландар бар экенин ырастап минтип айткан: "Бул сериал толугу менен бүткөн эмес. Мен Ник менен бул жөнүндө сүйлөшкөм жана Ник да, HBO да кийинки сезон үчүн даяр. Мен Ник азыр башка кээ бир проекттер менен иштеп жатат деп ойлобойм. Эгер бул жөнүндө башка бирөө жазса, макулбуз жана Ник аны көзөмөлдөмөк. Бул баалуу франшиза, ал өлүк эмес, бизде жөн гана үчүнчү сезонго муктаждык жок#. Бул Макконахи үчүнчү сезондо гипотетикалык жактан Раст Коул ролун кайрадан аткарганга кызыгам деп айтканынан кийин болду. 2017-жылдын мартында Пиццолатто болочок үчүнчү сезондун алгачкы эки эпизодун жазып таштаганы жана Дэвид Милх чыгармачылык командага кошулганы белгилүү болду. 2017-жылы июлда Маершала Али үчүнчү сезондо тартылды деп жарыяланган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]