Мэттью Макконахи

Википедия дан

Мэттү Дэвид Макконахи (англ. Matthew McConaughey;/ məkɒnəheɪ /; 1969-жылдын 4-ноябрында туулган) - америкалык актер. Ал "Мас болгондор жана адашкандар” (Dazed and Confused, 1993) тасмасындагы ролу үчүн коомчулуктун назарына илинген. Ал "Техас кыргыны" (англ. Texas Chainsaw Massacre: The Next Generation, 1994), "Өлтүрүү сааты" (англ. A Time to Kill, 1996), Стивен Спилберг тарткан "Достук" ( исп. Amistad, 1997), "Байланыш" (англ. Contact , 1997), "Телевизордогу Эд" (англ. EDtv, 1999) жана Ю-571 (англ. U-571, 2000) тасмаларында ойногон.

2000-жылдары актер "Тойдун алдындагы ызы-чуу" (англ. The Wedding Planner, 2001), "Жигитти кантип он күндө кетирсе болот" (англ. How to Lose a Guy in 10 Days, 2003), "Көйгөйлөрү чечүү" (англ. Failure to Launch, 2006), "Акмактын алтыны" (англ. Fool's Gold (2008) "Мурунку колуктуларымдын рухтары" (англ. Ghosts of Girlfriends Past, 2009) сыяктуу романтикалык комедияларга тартылган. 2011-жылдан тартып "Линколн адвокаты" (The Lincoln Lawyer, 2011), "Берни" (англ. Bernie, 2011), "Киши өлтүргүч Жо" (англ. Killer Joe, 2011), "Гезитчи" (англ. The Paperboy, 2012), "Мад" (англ. Mud, 2012), "Сыйкырдуу Майк" (англ. Magic Mike, 2012), "Уолл Стриттин карышкыры" (англ. The Wolf of Wall Street, 2013), "Сатуучулардын Даллас клубу" (англ. Dallas Buyers Club, 2013), "Жылдыз арасында" (англ. Interstellar, 2014) жана "Жонстун эркин штаты" (англ. Free State of Jones, 2016) сыяктуу драмалык тасмаларда роль жараткан

Мэттү Макконахи "Сатуучулардын Даллас клубу" (англ. Dallas Buyers Club, 2013) биографиялык тасмасынде иммундук жетишсиздик дартына чалдыккан ковбойдун ролу үчүн "Оскар" сыйлыгын, "Алтын глобус" сыйлыгын, АКШ киноактерлор Гильдиясынын сыйлыгын алган жана башка номинацияларга талапкер болгон. 2014-жылы "Чыныгы детектив" (англ. True Detective) криминалдык антологиясында Раст Коулдун ролу үчүн Critics' Choice Award сыйлыгын алган жана "Эмми", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]