Достук (Сузак району)
Көрүнүш
("Достук" барагынан багытталды)
| Отурукташкан жай
Достук
| |||||||||||||||||||||||
Достук — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Сузак айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 705 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Калкы 1600 (2006); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп бар. [1]
2025-жылы Достук айылында гипсокартон өндүрүүчү завод ачылган. Долбоорго 11,7 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, ишкана жылына 60 миң тонна гипс порошогун жана 10 млн м² гипсокартон барактарын өндүрүүгө ылайыкталган. Заводдо 80ге жакын жаңы жумуш орду түзүлүп, долбоор Кыргызстандын курулуш материалдарын импорттоого болгон көз карандылыгын азайтууга багытталган[2].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
