Чырга тартуу ( Мүнүшкөрлүк )

Википедия дан

Чырга тартуу ( Мүнүшкөрлүк ).Кыргыз элинде аңчылык мурда өтө өнүккөн. Аны эс алуу, ден соолукту чыңдоо үчүн кеңири пайдаланышкан. Аңчылыктын бир тарамы мүнүшкөрлүк. Мүнүшкөрлүктү өспүрүмдөргө үйрөтүү өтө маанилүү. Алгыр куштарды таптап, үндөккө келтирип, илбээсин менен аңдарга сала турган адам мүнүшкөр деп аталат.
Канаттуу куштар илбээсин жана ийри тумшуктар деп бөлүнөт. Илбээсиндерге – көгүчкөн, чил, бөдөнө, кыргоол, каз, өрдөк, каракур, улар ж.б. кирет. Эт менен тамактанган жырткыч канаттуулар ийри тумшуктар делет. Ага бүркүт, куш ( ургаачысы ), чүйгүн ( эркеги ), ителги, кыргый, турумтай, жагалмай ж.б. кирет. Шумкар – ителгиден, лачын – куштан, туйгун – турумтайдан чыгат. Бул жырткыч канаттуулар жалпысынан алгыр куштар деп аталат.
Кушту үйрөтүш үчүн каз - өрдөктүн канатын же кебин данба кылып сүйрөтүп үйрөтөт. Кушту “ пө! пө! пө!” же “кыйту!” – деп чакырат. Баарынан маанилүүсү жана барктуусу бүркүт таптоо. Жаңы кармалган же уядан алынган бүркүттү таптоо, колго үйрөтүп үндөккө келтирүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1. Бүркүттү өз ээсинин чакырыгына жана үндөөсүнө келгенге үйрөтүү. Ал үчүн бүркүттү түрдүү кырдаалда чакырып, чакырыкка келген сайын бир кесимден эт сугунтуу керек.
2. Түлкүнүн куйругун узун жипке байлап алып сүйрөтөт. Бул чырга деп аталат. Бүркүт учуп барып чырганы басып калганга үйрөтүлөт. Чырганы баскан сайын ага эт сугунтуу керек. Ушул учурда бүркүт томого кийгенге үйрөтүлөт.
3. Мүнүшкөрдүн шакирти талаага чырга сүйрөтүп чыгат. Жүрүшүн улам тездетет. Чырганы бүркүт учуп барып басып калганга үйрөтүлөт.
4. Мүнүшкөр бүркүтүнө томого салып, колуна кондуруп атчан бастырып чыгат. Шакирти түлкүнүн же суурдун кебин сүйрөтүп, чаап жөнөйт. Бүркүттүн томогосун алганда ал учуп барып чырганы басып калат.
Маалымат булагы: Токторбаев С . “ Өспүрүмдөр оюндары ”.