Илбээсин
Илбээсин - эт, мамык алынуучу жапайы куштардын жалпы аты, аңчылык объектиси. Жашаган жерине жараша токой (кара кур, ак чил ж. б.), талаа (боз чил, бөдөнө, кыргоол, тоодак, безбелдек ж. б.), саз (эчки маарак ж. б.), суучул (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) илбээсиндери болуп бөлүнөт. КМШ өлкөлөрүндө илбээсиндин 170 түрү (13 түркүмгө биригет) бар. Кыргызстандагы эң маанилүү илбээсиндер: каз, өрдөк, улар, кекилик, чил, кереңкур, бөдөнө, кыргоол ж. б. Өлкөдө токой жана дың жерди өздөштүрүү, саздак жерди кургатуу, айыл чарбасын химиялаштыруу жана башкаларга байланыштуу илбээсиндердин саны азайып кеткендиктен, аларды көбөйтүү максатында коруктар уюшулган. Айрым илбээсиндерди (кекилик, чил, кереңкур ж. б.) өстүрүүчү атайын ферма, питомниктер бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5