Эчки маарактар

Википедия дан
Gallinago gallinago.

Эчки маарактар (лат. Gallinago) - канаттуулардын чулдуктар түркүмүндөгү уруусу.

Денесинин уз. 30 см; тумшугу узун, канаты учтуу, куйругу кыска. Жону куйкул күрөң, кара чаарлары бар; төшү, боору агыш. Алардын 13 түрү бардык жерде таралып, Австралияда кыштайт. Жай күндөрү кайкып учканда куйругун дирилдетип кой-эчкинин маараганындай дабыш чыгарат.

Нымдуу топурактагы курт-кумурска, алардын личинкалары менен азыктанат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.