Чырмакчылык
элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Чийди түрлөнтүп кооздоп, турмуш-тиричиликте аны адими буюм катары кастарлап кармоо — байыртан берки салт. Башка элдерде жок, канатташ жашаган кыргыз менен казак элдерине гана мүнөздүү, анткени менен такай тигип, тоо арасында жайдыр-кыштыр көчүп жүргөн биздин калкка бөтөнчө таандык боз үйдүн ички кооз жасалгасынын ажарын ого бетер ачуучу өнөр чырмакчылыкты илгертен бери уздар укмуштай сары саптап кармап келишкен.
Чий кармап, аны токуу — боз үйдүн керегесинин сыртынан калоого «канат чий», тамак-ашты жана казан-аякты орундаштырууга «чыгдан» (ашкана), үйдүн эшигинин бышык болушу жана элпек ачылып-жабылышы үчүн «эшик чий» деген салтта ал жүзөгө ашып келинген. Чийден торчолоп «чыны кап» да токулган. Кутмандуу кыргыз калкыбыз жашоо-тиричилик ыңгайына карай ойдогудай колдонууда чийдин көркөмдүк татымын билген. Ошондой буюмду ойдогудай кооздоп жасоого мунун эң эле ийкемдүүлүгүн эл эзелтен бери эле жогору баалаган.
Чийден асемделип кармалган буюмдарды калк узак убакыт урунушкан. Чий улам кургаган сайын чыйралат. Илгери кийиз уютуп ийлегенге, тамак-аш койгонго, идиш аяктын кабыл жасоого чий шарттуу түрдө керектелген. Көркөм көчөт түшүп, чырмакталган чий буюмдары улам убакыт өтүп, эскирген сайын жүзүнө чыгат. Анан турмуш тиричилик шартка жараша мунун жасалуу түрлөрү көп. Аларды «ала-чий», «орогон чий», «чырмак чий» деп бөлүүгө болот.
Көркөм кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүндөй элечийди чырмап согууда анын ар бир талына түрдүү түстөгү жүн (кээде жүн жипти да ороп-чырмап) аркылуу түшүрүлгөн оюм-чийимдер кандайдыр адамзат туюнууга ыктымалдуу бир сюжет-композицияга бириккени көрүнүп турат. Мындай кабыл алынган оюм-көчөттүн стили жана мүнөздүү белгиси, адатта, кийиз оюмдарына, таар термелерине, килем көчөттөрүнө, гүлдүү кездемелерге окшошуп кетет. Тал чийди бирден кармап, аны түрдүү жүн менен чырмап, өз дүкөнүнө алып согуу өнөрүндө ошол уздун чыгармачылык жөндөмдүүлүгү аныкталат. Кыбыр бүткөн андай ишти зерикпей баса отуруп иштөөсү, көңүлгө толумдуу бир буюмдун бүтүшү жогору баалана турган. Баарыдан мурда, токулган чий боз үйдүн ойдогудай эптүү тигилүүсүнө тийиштүү түрдөгү бирден-бир колдонмо-жасалга катары пайдаланылат.
Бардык эле боз үйлөргө токулган чийлер бирдей кооздукта боло бербейт. «Беш кол тең эмес» өткөн заманда ар адам алына чактап, эптеп жашоо үчүн сөзсүз боз үй көтөрүүчү. Кедейлер жана жупуну жашагандардын боз үйлөрүнүн дээрлик «канат чийине», «чыгдан чийине», «эшик чийине» эндей эле согулган ак чий каланган. Колунда барлар ак өргөө көтөрүшкөн. Азыркы боз үйлөрдүн баарын «ак өргөө» деп айтабыз. Анда айыл ичиндеги кары-жаш жапырт чий чырмакка чакырылган. Алардын түйшүгү өтө күчтүү болгон. Ушундай биргелешип аракеттенүүдө уздан-уз, устадан-уста чыккан. Мындай кайра-кайра кармаган чий чырмак сыяктуу өнөргө кол учтары көнүккөн, көчөттөр көкүрөккө жатталган. Ашарлар кийиз басууда, шырдак шырууда, килем согууда, боз үй көтөрүүдө көп болуп келген.
Кол учуна кармалган бир тал чийге түрдүү түстөгү жүндү илбериңки созуп эпилдетип, бирдей чырмай баштоочу жупуну эле аракеттин аягы тоолук элдерге мүнөздүү жана толумдуу бир түшүнүктү туюндурган. Тигил же бул элдин көркөм оюм-көчөттү кашкайта келтирип таштоонун өзү канчалык мыкты өнөр экенине журт сыймыктанат.
Кийинки мезгилдерде чий чырмакчылык өнөрү жалаң гана боз үйдү кооздоо жаатына карата гана багытталбайт. Ал архитектуралык жактан заңгырата салынып жаткан бүгүнкү үйлөрдүн бөлмөлөрүнө жаңы жасалгалоо менен катар көркөм белек-бечкектик маанисине ээ болуу касиеттерине эгедер. Мындай өтө чакан кооз белек-бечкек буюмдарына чийден токулган жанда алып жүрүүчү «баштыктар», (сумкалар), «салфеткалар», «календарь илгичтери», «газета-журнал салгычтар», «радио приемник жапкычтар» жана «телевизор жапкычтар», «адрес папкалары» ж.б.д.о. аталат. Муну менен бирге үйдүн ичин жасалгалоо жагдайына ылайыктуу белектик туштуктар (панно) сыяктуу чакан кооз буюмдар да кирет.
Азыр жеке гана там үйдүн ички жасалгалоочу буюм белектердин нускалык саны артылбастан, ар кандай тарыхый даңазалуу даталарга карай да уздануулар бар. Коомдук жайларга атайын өкмөттүк тапшырмалар менен үлгүлөр жүзөгө талаптагыдай аткарууда. Мындай аракеттерди элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелери менен көркөм фонду жүзөгө ашырууда.
Чий чырмакчылык — адамдын жекече чыгармачылык оюнун «түшүмү». Чырмактын табиятында илгерки элдик чырмакчылар ага атайын үлгү колдонушкан эмес. Тигил же бул көркөм көчөттү чий аркылуу берүү үчүн алар көз өлчөмүн гана кадиктеген. Абалы кабыгы аарчылган бир тал чийди алып, оюмдун-көчөттүн кайсы жери түшөөр аралыгы сары-саптап өлчөп, аны ичке ийне аркылуу «тырс» тешип, өзүнчө белгилейт. Анан ага ылайыктуу назик тытылган созулма ичке түйдөктүү жүндү бирдей калыңдыкта кол учунда эпилдете чырмашат. Мында жүн оролгон ар бир тал чий бири-бирине окшошпой турат.
Азыр уздар жана кол өнөрчү — сүрөтчү - прикладниктер белек-бечкек үчүн чакандап жасап жаткан буюмду адегенде кагазга үлгү катары түшүрөт. Чий чырмоонун мына ушул маанилүү ыкмасында, атайын үлгү адис-сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык мамилесине байланышат. Талапка ылайык буюм-белектердин оболу кагазга тартылган үлгүсү көркөм советтен өтөт да, аны дал өзүндөй чебер-аткаруучулар жүзөгө ашырышат. Мында уздар как кылып кургатылган чийдин муундактарын бычак аркылуу этиет кыргандан кийин чийди сапаты боюнча үч топко бөлөт. Чийдин өтө ичкеси, орточосу, анан жоону болот. Ал атайын тартылып берилген кагаз үлгүгө жараша өлчөнүп кесилет да, эми чий актай согулат. Чийди согууда мурунку элдик ыкма сакталат. Антип ак чий согулганга чейинки андай аракеттер негизги иштерди бүткөрүүнүн өбөлгөсү болот. Токулган ак чийди керип, үлгүсү түшкөн катуу кагаздан оюлуп-кесилген траферет-шаблонду анын үстүнө жаткызып, «Гуаш тембра» деген боек менен сүртөт. Арыдан-бери кургаган боек чийди кайра жандандырып, бир талдан ирээттүү кармап, ошол траферет аркылуу түшкөн из боюнча керектүү өңдөгү жүндөрдү чырмашат. Чий чырмалып бүткөндөн кийин кайрадан токулат. Мындай ыкма менен көбүнчө маанилүү даталарга карата тез даяр болуучу, атайын тапшырмалар аткарылууда. Мында чий чырмак аркылуу кадимки сүрөттөрдү түшүрүп жасоого көбүрөөк көңүл бурулууда. Бул буюмдар туш кийиз ордуна дубалдарга тартылууга шартташат.
Маалыматтын булагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)